• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кыргызстандык дзюдочулар Түркиядагы эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек. 25.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы “Гранд-Слам Анталия” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 29-31-март күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

  • Кубанычбек Айбек уулу (66 кг);
  • Асад Масабиров (81 кг);
  • Эрлан Шеров (90 кг).

Эскерте кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий