• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралга чейин узартылды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «убактылуу» айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартты. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул документ айдоочулук курамды каттоодо документтерди өз убагында берүүнү камсыздоо максатында кабыл алынды.

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын декабрынан тарта Кыргыз Республикасында жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштаган.

Бүгүнкү күнү 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуулук мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдү (шарттуу түрдө «убактылуу» деп аталган) туруктууга алмаштыруу иштери аткарылууда.

Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү штаттык режимде жүрүп жатат. «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык түзүмдүк бөлүктөрүнө жеткирүү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий