• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Убактылуу кармоочу жайында камалгандардын арыздануусунан кийин аларга манты берилди

Коом 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Бүгүн Баткен облусунун Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалгандарга манты берилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, убактылуу кармоочу жайында кармалгандар аларга чийки картошка жана чийки нан берилип жатканын айтып, арызданышкан. Мындан улам, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тамак-аш даярдаган мекемеге тамактын сапатын жакшыртуу боюнча тапшырма берген.

"Убактылуу кармоочу жайында кармалгандар Кыйноолорду алдын алуу борборуна тамактын начардыгын айтып арызданышкан: шорподогу бышпаган картошка, күйүп калган пияз, ошондой эле чийки нан", - деди Сулайманов.

Бул боюнча акт түзүлүп райондук прокуратурага жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий