• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Учактын кыйроосунан каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине алып келишти

Коом 0

Бишкек, 06.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Алмата облусунда кулаган АН-28 учагынын кыйроосунан каза тапкан эки кыргызстандыктын сөөгүн мекенине алып келишти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР ТИМнин бамса сөз кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, Алматага жакын жерде Санитардык авиациянын АН-28 учагы кыйрап, беш киши каза тапкан. Окуя 3-октябрь күнү кечинде саат 18:47 чамасында Иле районунда болгон.

Учак бейтапка жардам көрсөтүү үчүн Алмата-Шымкент-Алмата багыты боюнча бара жаткан.

Маалыматтарга караганда, бортто 5 киши болгон. Алардын экөө Кыргызстандын жарадары - кеменин командири Геннадий Цой жана авитехник Бейшенбей Ахматбаев, ошондой эле Казакстандын жарандары – экинчи учкуч Е.Кутафин жана эки медициналык кызматкерлер Т.Патсаев жана Ж.Артыкбаев.

4-октябрда кечинде каза болгондордун сөөгү жүктөлгөн эки унаа авиакомпаниянын өкүлдөрүнүн коштоосунда Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий