• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Алина Шаикованы издөө уланууда

Укук тартиби 0

Бмшкек, 07.10.19. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикованы издөө уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 5-августунда КР Башкы прокуратурасы тарабынан А.Шаиковага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш кылгандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлүп, ал издөөгө жарыяланган.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында А.Шаикованы издөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевге окшош адамдын Мамкаттоо кызматынын экс-башчысы Алина Шаикованын мыйзамсыз иштери боюнча айткан видеосу тараган. Анда Абдуллаев тендерде литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн Алина Шаикова ага 20 миң доллар бергендигин айткан.

"Т. Абдуллаевдин видеосуна УКМКнын эч кандай тиешеси жок", - деп кошумчалашты УКМКнын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий