• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

8-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Эртең, 8-октябрда күндүз жана 9-октябрда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт.

8-октябрда күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 9-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Эртең, 8-октябрда абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21…26, Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18...23 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында күндүз жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12 градус, күндүз 23…25 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий