• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

УКМК: Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок

Коом 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, учурда социалдык тармактарда жана айрым ММКларда жактоочу З. Жоошевдин Атамбаев үй камагына чыгарылды деп айткан сөздөрү тарап жатат. УКМК ал маалымат туура эместигин билдирет.

Алмазбек Атамбаев А. Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча соттун чечиминин негизинде УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ошондой эле учурда сот органдары тарабынан 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча иш каралууда.

"5нен 6-октябрга караган түнү болгон окуялар учурунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна карата басым болуп, ал баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча токтомго кол койгон. Ал факт боюнча мекемелер аралык тергөө тобу тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши иликтенүүдө жана аталган токтомду жокко чыгаруу боюнча маселе каралууда", - деп билдирет УКМК.

Пикир

Оставить комментарий