• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ысык-Көлдөгү оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун аймактык ооруканасында болуп, коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо боюнча ооруканада жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн оңдоп-түздөө иштеринин аяктагандыгы менен таанышты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Ысык-Көл облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы адиси Кенже Уралиеванын айтымында, - жугуштуу оорулар бөлүмүндө оңдоо иштери эки этапта жүргүзүлүүдө, учурда биринчи жана экинчи блоктордо оңдоо иштери толугу менен аяктап, учурда бейтаптар дарыланып жатышат. Жакында үчүнчү блок бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

Ысык-Көл облусунун аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Талант Такенеев белгилегендей, учурда 18 бейтап стационардык дарыланууда, анын экөө пневмония менен, 16 бейтап лабораториялык тастыкталган COVID-19 илдетинен дарыланып жатышат.

"Жугуштуу оорулар бөлүмү 60 орунга ылайыкташтырылган, анын 10у реанимация бөлүмү."Кызыл зонада" иштөө үчүн медициналык кызматкерлердин 6 тобу түзүлдү. Бардык керектүү медициналык шаймандар алынды. Ошондой эле, төртүнчү клиникалык протоколго ылайык коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектердин жана жеке коргонуу каражаттарынын запасы бар. Жеке коргонуу каражаттарын алуу үчүн кошумча тендер жарыяланды», - деп билдирди Талант Такенеев.

Пикир

Оставить комментарий