• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

УКМК: Дээрлик 10 млн сомдук контрабандалык алкоголдун партиясы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Дээрлик 10 млн сомдук контрабандалык алкоголдун партиясы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ири соода түйүндөрү аркылуу мыйзамсыз сатылган Кыргызстандын аймагына импорттук алкоголдук продукцияны мыйзамсыз алып өтүүнүн туруктуу каналы аныкталды.

2021-жылдын 4-сентябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылындагы кампалардын биринде өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө ар кандай аталыштагы 10 миңге жакын жасалма акциздик маркалары бар, жалпы суммасы 10 миллион сомго жакын, элиталык алкоголдук продукциялар табылып алынды.

Бул алкоголдук продукциянын ар биринин баасы Бишкектин базарларында 1000 сомдон 3000 сомго чейин эсептелинет.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды баалоо, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз алып кирүүгө жана сатууга бийлик өкүлдөрүнүн катышуусун аныктоо боюнча тиешелүү чаралар жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий