• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

УКМК: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. Эл аралык террордук (ЭТУ) уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздун боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 27-мартта УКМК тарабынан КРнын аймагына кирүүсүнө тыюу салынган ЭТУнун катарына рекруттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында өнөктөш кызматтар менен биргеликте 1995-жылкы А.И., аттуу кыргыз жараны кармалды.

Такталган маалыматтар боюнча, кармалган адам чет өлкөдө иштеп жүргөндө 1996-жылкы Х.Р., аттуу КР жараны менен байланышта болгон.

"Х.Р. КР УКМК тарабынан 2018-жылдын декабрь айында КР Кылмыш-жаза кодексинин 299- беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча күчөтүлгөн режимде жалпы тартиптеги жаза өтөө колониясында 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган", - деп айтылат маалыматта.

А.И. көрсөтмөсү боюнча ал чет өлкөдө жүргөн мезгилде Х.Р., ЭТУ иш-аракеттерин акча каражаттары менен каржылоо максатында Түркия мамлекетине, андан ары Сирия согуштук зонасына кетүүсүнө жардам берген.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий