• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Кара-Суу районунун "Савай" айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтан алынды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.01.21. /Кабар/. Кара-Суу районунун "Савай" айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтан алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө органдарынын өтүнүчү жана Ош шаардык сотунун чечими менен тергөө аяктаганга чейин Кара-Суу районунун "Савай" айылынын өкмөт башчысы М.С. кызматынан алынган.

Эске салсак, 2021-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган КР УКМКнын тергөөгө иштери боюнча Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы М.С. Кыргыз Республикасынын Ош шаардык жана Ош облустук УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2021-жылдын 13-январында М.С. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары таанылып, ошол эле күнү Ош шаардык соту тарабынан ага карата 2 айлык мөөнөткө үй камагына алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий