• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

"Кумтөр" иши боюнча мурдагы биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. "Кумтөр" иши боюнча мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ведомстволор аралык тергөө тобу "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иштерин иликтөөнү улантууда.

Сотко чейинки өндүрүштө, КР мурунку биринчи вице-премьер-министри Т.Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатып канадалык "Центерра" компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Кумтөр" кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш аракеттери аныкталды.

Тергөө иштеринде Т.Сарпашев КР өкмөтүндө жооптуу кызматтарды ээлөө менен, "Центерранын" кызыкчылыгында мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылган.

Мындан тышкары, Т.Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Кумтөр Голд Компания" ЖАК мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, "Кумтөр" кенинде жайгашкан, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган республиканын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн өлкөнүн парламентинин кароосуна киргизген.

Т.Сарпашевдин тергөө тарабынан аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен, 2021-жылдын 17-июнунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмышка шектүү делип кармалды.

Жакынкы аралыкта Т.Сарпашевге карата жогоруда айтылган кылмышты жасоого шектүү экендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлүп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын карайт.

Пикир

Оставить комментарий