• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

УКМК президенттин аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басарын кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча президенттин аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматы билдирди.

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Алмамбет Салиев тарабынан мыйзамсыз баюу фактысы аныкталды.

“Салиев аталган кызматта иштеп турганда жана ошондой эле мурдагы президенттин артыкчылыгынан пайдаланып мамлекеттик структураларга зыян келтирген жеке структуралардын кызыкчылыктарын лобби кылган укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен. Ошондой эле ал өзүнүң мүлкүн аффилирленген жактарга каттаткан”, - деп айтылат маалыматта.

Салиев ушундай жол менен алынган ири өлчөмдөгү каражаттарды көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган.

Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Алмамбет Салиевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Иште чогултулган далилдердин негизинде 16-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 3-бөлүмү (“Мыйзамсыз баюу”) фактысы боюнча Алмамбет Салиев кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий