• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Журналисттик иликтөө боюнча бир нече адам суралды

Коом 0


Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. "Азаттык" үналгысынын журналисттик иликтөөсү боюнча бир нече адам суракка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, журналисттик иликтөөнүн материалдарынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 130-беренесинин 1-бөлүгү ("Киши өлтүрүүгө аракет жасоо") боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, мекемелер аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш чаралары уланууда.

Сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында УКМКга КР ЖК депутаттары А.Сулайманов, Д. Төрөкулов,экс-депутат Ш.Айтматова, КР Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Р.Матраимов чакырылып, сурак беришкен.

КР Стамбул шаарындагы мурдагы консулу Э.Сопоковдун катышуусунда тергөө иштери жүргүзүлүп, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Ошондой эле "Азаттык медианын" журналисттери Мухамедали (Али) Токтакунов жана Ыдырыс Исаковдор күбө катары сурака чакырылышкан.

Тергөө иштери объективдүү жана ар тараптуу өтүшүн камсыз кылуу максатында баардык керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

"Тергөө иштеринин жүрүшү коомчулукка ар дайым ачык маалымдалып турат", - деп билдиришти комитеттен.

Пикир

Оставить комментарий