• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук банк интервенция жасап, валюта рыногуна 13,5 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы интервенция жасап, валюта рыногуна 13 млн 50 миң АКШ долларын сатты.

Улуттук банктан билдиришкендей, жыл башынан бери үч ирет интервенция жасалган.

Эскерте кетсек, бүгүн өлкөдө доллардын куну 95 сомго, евро 107 сомго көтөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий