• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттун уӊгусу – улуттук идеологиябы? Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кеңири маек берди

Коом 0


Кыргызстан эгемендүү жылдары оргуштаган кыйла саясий окуяларды баштан өткөрүп келсе да, улуттук идеология түзүү маселеси азыр да коомчулуктун негизги баш оорусу бойдон калып келүүдө. Улуттун саясаты кандай болуусу, ал эмнени түшүндүрөр маселесине карапайым калк анча деле маани бере бербегени менен, кыргыз интелегенциясы 31 жылдан бери өзүнүн өнүгүүсүнүн өрүштүү жолун издеп, албуттанган ааламдашуунун процессинде өз чыйыр жолун салып кетиши керектигин ар дайым туу тутуп байма-бай айтып келе жатат.

Улуттун иденттүүлүгүнүн формуласын так айткан киши барбы? Болсо,ал формула коомдун баардык катмарын ынандыра алабы? Шамалдай санариптешкен заманда нарк-насил,үрп-адат,тил жана маданиятты оорду канчалык маанилүү? Мына ушул жана башка суроолор менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Сапарбекович Касмамбетовду кепке тарттык. Берген суроолорубуз да, алган жоопторубуз да кызыктуу болду.

Пикир

Оставить комментарий