• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жаңы жылдык белектерди алышты

Коом 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Кечээ, 26-декабрда Октябрь районунун акими Максим Ситников жана акимчиликтин кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Октябрь районунда жалпы 24 ардагер жашайт.

"Биз чын жүрөктөн ардагерлерди келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, бирге чай ичтик. Кээ бир көйгөйлөрдү жеринен чечтик. Эң улуу ардагер 99 жаштагы Габдул Шагивалиевич. Ал "Көк-Жар" конушунда жашайт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине жаңы жылдык белектер берилди.

Пикир

Оставить комментарий