• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

USAID Алматыда таза энергетика боюнча биринчи Борбордук-Азия форумун өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) 2022-жылы 13-15-сентябрда Алматы шаарында (Казакстан) таза энергетика боюнча биринчи Борбордук-Азия форуму (CACEF) боло тургандыгын билдирди.

“Энергетикага өтүү жана инновациялар” темасындагы форум региондун бардык беш өлкөсүнүн – Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрүнүн 200 ашык өкүлдөрүн, ошондой эле аймактык жана дүйнөлүк инвесторлорду, технологиялык компанияларды, коммуналдык ишканаларды жана эл аралык уюмдарды чогултат.

Аймактардан, АКШдан, Индиядан, Сауд Аравиядан, Украинадан, Австриядан жана Франциядан келген докладчылар климаттык милдеттенмелерди аткаруу үчүн дүйнөдө жүзөгө ашырылып жаткан негизги демилгелерди, энергетиканын өтүшүн колдоо үчүн инновациянын, технологиянын жана каржынын ролун, ошондой эле Борбордук Азиядагы энергетикалык системанын өнүгүшүнүн келечектеги траекториясы үчүн эң олуттуу таасир этүүчү региондук рыноктук кызматташтыктын жана электр энергиясынын соодасынын мүмкүнчүлүктөрүн жана чакырыктарын сунуш кылышат. Кызыкчылыктардын башка багыттары электр энергиясынын Борбор Азиялык региондук рыногун түзүүнү, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча билим алууну өнүктүрүүнү жана жумушчу күчүн диверсификациялоону камтыйт.

Форумдун алкагында USAID ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана интеграциялоо үчүн дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды жана заманбап технологияларды колдонууга көмөктөшүүчү виртуалдык платформа болгон Борбордук Азия үчүн Америкалык инновациялар борборун ишке киргизет.

Акыркы 30 жыл ичинде АКШ өкмөтү Борбордук Азия өлкөлөрү менен экономикалык өсүшкө, энергетика секторун модернизациялоого жана анын туруктуулугуна, жаратылыш ресурстарын башкарууга жана климаттын өзгөрүүсүнө жатыгуу боюнча бир катар иш-чаралардын үстүндө иштешти.

USAID өлкөлөрдүн электр тармактарынын ишин жакшыртуу, экологиялык таза энергияга инвестиция тартуу жана электр энергиясын чек ара аркылуу сатууну кеңейтүү боюнча аракеттерин колдоду.

2020-жылы USAID “Борбордук Азиянын энергетикасы” (Power Central Asia) долбоорун ишке киргизди, бул 40 миллион АКШ долларынан турган беш жылдык флагмандык долбоор, ал үч негизги багыт: энергетика секторун калыбына келтирүү, таза энергияга инвестиция тартуу жана чек ара аркылуу соодалоо боюнча уюштурулган.

Региондук, ошондой эле дүйнөлүк энергетика чөйрөсүндөгү олуттуу өзгөрүүлөргө байланыштуу таза энергетика боюнча Борбордук Азия форуму энергетикалык стратегияны, таза энергиянын жаңы технологияларын жана инвестицияларды талкуулоо үчүн саясатчыларды, коммуналдык кызматтардын жетекчилерин, алдыңкы технологиялык компаниялардын өкүлдөрүн жана эл аралык инвесторлорду чогултуу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий