• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Uzbekistan airways Россиянын шаарларынан кошумча чартердик каттамдарды аткарат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.01.20. /Кабар/. Өзбекстандын Uzbekistan Airways улуттук авиакомпаниясы 9-10-октябрь күндөрү Россиянын Казан жана Самара шаарларынан Ташкентке кошумча чартердик каттамдарды аткарат.

Маалыматка караганда, жума күнү саат 9:00дө Казандан учкан учак Ташкентке 14:30да келет. Экинчи учак Самарадан ишемби күнү саат 11:20да чыгып, Ташкентке 15:25те жетет.

«Аталган шаарлардан Ташкентке учуп келүүнү каалаган Өзбекстандын, Россиянын жана Кыргызстандын жарандарынан акыркы 72 сааттын ичинде тапшырылган, коронавирус жок экенин ырастаган ПЧР-тесттин жыйынтыктары талап кылынат. Мындай кагазы жол жүргүнчүлөр каттамдарга киргизилбейт», — деп жазылган авиакомпаниянын билдирүүсүндө.

Буга чейин 1-октябрдан тартып Өзбекстанга авиа, темир жол жана кара жол аркылуу «санитардык-гигиеналык, карантиндик чараларды катуу сактоо менен» кирүүгө уруксат берилгени кабарланган.

Өзбекстан коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында 16-марттан тартып бардык эл аралык аба каттамдарын токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий