• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Венгрия Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышат

ДКО 2018 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. 5-июлда Будапешт шаарында КРнын Венгриядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бакыт Жусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Жолт Чутора менен эки тараптуу күн тартибинин жана 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна венгер делегациясынын катышуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер комиссиясынын өкмөттөр аралык биринчи жыйынын 2018-жылы өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтүн жана аталган жыйындын
алкагында кыргыз-венгер бизнес форумун уюштуруу мүмкүнчүлүгүн макулдашты. Ошондой эле Венгриянын ЖОЖдорунда окууну каалаган КРнын жарандары үчүн квоталык орундарды көбөйтүүнү практикалык ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Ар тараптуу кызматташтыктын алкагында, элчи Б.Жусупов венгер тарапка 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук
кеңешинде туруктуу эмес мүчөлүккө КРнын талапкерин колдоо өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле элчи венгер дипломатын 3-ДКОго даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымдады жана ага Венгриянын спорт жана маданий делегациясын катышуу үчүн жиберүүгө багыттады.

Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары анын өлкөсү өзүн бийик деңгээлде тааныштырарына ишендирип өттү. Ошол эле күнү элчи Б.Жусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода
министрлигинин экономикалык кызматташтык боюнча департаментинин жана туристтик дипломатия боюнча департаментинин жетекчилери менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө ӨАКтын пландалган биринчи жыйынынын алкагында конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестиция, кош салык салуудан качуу жана туризм жаатында кызматташтык чөйрөсүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюу талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий