• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Врач С.Жумабеков: Мен баардык талапкерлердин ичинен эң адекваттуу С.Жээнбековду тандадым!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 01.10.17 /Кабар/. Травматология жана ортопедия Бишкек илимий-изилдөөчү борбордун директору Сабырбек Жумабеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда кандай себептер менен С.Жээнбековду тандаганын билдирди.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков өтө жөнөкөй, таза, туруктуу жана эмгекчил. «Бизде медицинада жакшы термин бар «адекваттуулук» деген. Байкап көрдүңөрбү, өтө жупуну, жөнөкөй, ар бир сөздү тандап, талдап элге жеткирип атат. Адекваттуулук эл башы болом деген адамга өтө керек», - деди С.Жумабеков.

Ал белгилегендей, калган талапкерлердин арасында анын инилери, жакын достору бар, бирок алардын ичинен ушундай жакшы сапаттарды байкай алган жок. «Биз азыр тарыхый жолдун астында турабыз. Эртеңкибиз, мамлекеттин келечеги, элибиздин турмушу кандай болот деген чоң жооптуу жолдо турабыз. Эгерде биз туура тандоо жасасак, биздин экономикабыз да өсөт, мамлекетибиз да өсөт, жашоо-турмушубуз алдыга жылып, оңолот. Ошондуктан бүгүнкү тандоодо биз жаңылбашыбыз керек. Баарыбыз 15-октябрда келип, ушул кишини шайлап алсак – жаңылбайбыз», - деп билдирди Сабырбек Жумабеков.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 01.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий