• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Түп районунда 7 жашар бала сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Түп районунда 7 жашар бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ынтымак айылында көлгө 2015-жылы туулган С.К. аттуу жаш бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Куткаруучулар жерине жеткенге чейин жергиликтүү тургундар баланы суудан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Тез жардам кызматы баланын каза болгондугун тастыктаган. 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий