• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдөгү пансионаттар электр жарыгынын өчкөндүгүнө даттанышты

Аймак 0

Чолпон-Ата, 06.07.18. /Кабар/. Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардын кожоюндары жана ижарачылары бүгүн, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен болгон жолугушууда электр энергиясынын айрым учурларда өчүп калгандыгын айтып даттанышты.

Туристтик секторду өнүктүрүү маселеси боюнча көчмө жыйындын алкагында алар билдиргендей, эс алуу үйлөрү эч кандай карыздары жок эле электр жарыгысыз калышууда. Мындай кырдаалга алар акыркы үч күндө кабылышкандыктарын кошумчалашты. Бул эс алуучуларга ыңгайсыздык жаратат.

Өкмөт башчы “Чыгышэлектр” ААКнын регионалдык башкармалыгына тиешелүү маселени карап чыгууну тапшырып, себепсиз өчүрүүлөрдү болтурбоону айтты.

Пикир

Оставить комментарий