• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө каналга түшүп кеткен элик куткарылып, зоопаркка өткөрүлдү — видео

Коом 0


Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө каналга түшүп кеткен элик куткарылганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Министрликтин инспекторлору жергиликтүү тургундар менен биргеликте Түп каналына түшүп кеткен эликти суудан алып чыгып, ветеринарга көрсөтүлгөн.

Андан кийин элик Каракол шаарындагы зоопаркка алып барылган.

Пикир

Оставить комментарий