• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Замирбек Базарбеков Кытайдын Жогорку сотунун өкүлдөрү менен онлайн жолугушту

Коом 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик сотунун төрагасынын орун басары Дэнг Сюмин менен видеоконференц байланыш аркылуу жолугушту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Онлайн жолугушууга төраганын орун басары Нурлан Мусаев, Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчиси Рустам Шабыев катышышты.

Ал эми кытай тараптан Кытайдын Жогорку Элдик сотунун маалыматтык технологиялар борборунун башкы директорунун орун басары Чэнь Цивэй, Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик Сотунун эл аралык кызматташтык департаментинин башкы директорунун орун басары Юй Сяоюй, Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик Сотунун эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн Азия жана Африка өлкөлөрүнүн иштери боюнча бөлүмүнүн директору Ван Хуан болушту.

Өз сөзүндө Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков санариптик трансформация үчүн азыркы учурда сот тутумунун зарыл инфраструктурасын түзүү боюнча активдүү иштер жүрүп жаткандыгын, ал сөзсүз түрдө сот тутумунун ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кыла тургандыгын белгиледи.

“Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан "2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү" мамлекеттик программасы бекитилип, анда маалыматтык технологияларды кеңири жайылтуу аркылуу сот тутумун өнүктүрүү каралган. Белгилүү болгондой, Кытай ар кандай санариптик инструменттерди киргизүү жана колдонуу аркылуу ишмердүүлүктү санариптештирүү боюнча жогорку натыйжаларга жетишти.

Буга биз өткөн жылдын октябрь айында сиздердин өлкөгө болгон кыргыз делегациясынын "Деңиз Жибек жолу" эл аралык форумуна катышуу үчүн сапарынын алкагында ынандык. Анда бизге Кытай Эл Республикасынын сот системасын санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери жана алдыңкы тажрыйбалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилди.

Албетте, бул сапар жана делегациянын форумга катышуусу эки тараптуу укуктук кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өбөлгө түздү. Ал эми Кытай Эл Республикасынын сот инфраструктурасында заманбап санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруудагы жетишкендиктери суктанууну гана жаратып, Кыргызстандын сот системасын санариптик трансформациялоо жана анын маалыматтык системаларын өркүндөтүү боюнча мындан аркы иштер үчүн пайдалуу болот деп ишенем”, - деди Замирбек Базарбеков.

Тараптар Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик соту тарабынан Кыргызстандын сот системасына техникалык колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары сот органдарынын маалыматтык системаларынын учурдагы абалына талдоо жүргүзүү жана керектүү жабдуулардын тизмесин аныктоо үчүн эксперттердин Кыргызстанга келиши туурасында сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий