• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстан коңшу мамлекеттерге караганда жемиш сатуудан 34 эсе көбүрөөк каражат табат

Коом 0

Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. Өзбекстан Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанга караганда жемиш сатуудан 34 эсе көбүрөөк каражат табат. Бул тууралуу Tazabek жазат. Бул маалыматтар "Euromonitor" эл аралык компаниясынын өткөн жылдагы отчетунда айтылат.

Учурда, Борбор Азиядагы өлкөлөр үчүн мурдагыдай эле айыл-чарба тармагынын орду чоң болуп келет. Кыргызстан, Тажикстан менен Өзбекстан айыл-чарба тармагына көбүрөөк көз каранды. Ал эми, Казакстандагы айыл-чарба негизинен дан жана эт азыктарына басым жасап келет.

"Казакстан менен Кыргызстанда жемиштердин эл аралык соодасы теңделген эмес. Өрүк, жүзүм, коондун импорту экспорттон көптүк кылат. Тажикстанда жемиштердин тышкы соодасы чектелүү болгону менен оң багыт бар", - деп айтылат отчетто.

Борбор Азияда жемиштердин тышкы соодасында Өзбекстан алдыда турат экен. Маселен, наркы боюнча ал Кыргызстан, Казакстан, Тажикстандан болжол менен 34 эсе көп экен.

Пикир

Оставить комментарий