• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстан менен Казакстан эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын көбөйтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.10.17 /Кабар/. «Өзбекстан аба жолдору» жана «Эйр Астана» компаниялары эки өлкө шаарларынын ортосундагы аба каттамдарынын санын көбөйтүү боюнча макулдашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар туристтик агымды көбөйтүү максатында Ташкенттен Алматы, Астана шаарларына, жана Алматы менен Астанадан Ташкентке аткарылчу туруктуу аба каттамдардын санын көбөйтүү, ошондой эле Казакстандын шаарларынан Өзбекстандын Ургенч, Бухара жана Самарканд өңдүү тарыхый шаарларына жаңы каттамдарды ачуу боюнча макулдашууга келишти.

Андан сырткары тараптар «Эйр Астана» компаниясынын учактарына Uzbekistan airways technics ишканасынын базасында техникалык кызматтарды көрсөтүү жана оңдоо иштерин өткөрүү, ошондой эле казак учкучтарынын «Өзбекстан аба жолдорунун» машыгуу комплексинде даярдыктан өтүүсү боюнча кызматташтыктын багыттары тууралуу сүйлөштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки авиакомпаниянын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюшту. Учурда «Өзбекстан аба жолдору» менен «Эйр Астана» өнөктөштүк негизде Ташкенттен Алматыга жумасына алты жолу, Астанага эки жолудан каттамдарды аткарып келишет.

Пикир

Оставить комментарий