• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 4 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 4 миң 22 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 57 учур катталган. Ал эми 160 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

8-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен шаардык жана шаар четиндеги маршруттардагы коомдук транспорт иштей баштайт, метродон тышкары. Ошондой эле 8-июндан тарта диний мекемелер өз ишин жандантат.

Учурда өлкөдө 4 миң 22 адам илдет жуктурса, анын 3 миң 247си айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 16 бейтап каза болду. 759 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын онунун абалы оор болсо, үчөө өтө оор абалда.

Пикир

Оставить комментарий