• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 31,5 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 31 миң 545 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 725 жаңы учур катталды. Ал эми 950 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган. Өлкөдө COVID-19ду ооруканадан тышкары дарылаган дарыгерлер жоопкерчиликке тартылат. Жеке медициналык уюмдардын жетекчилери да ушул талапты аткарышы керек.

Өлкөдө коронавирустан 22 миң 992 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 194 бейтап каза болду. 8 миң 351 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 361 адамдын абалы оор болсо, 387синин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий