• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 32 миң 215 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 32 миң 215 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 670 жаңы учур катталды. Ал эми 902 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 14 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган. Өлкөдө COVID-19ду ооруканадан тышкары дарылаган дарыгерлер жоопкерчиликке тартылат. Жеке медициналык уюмдардын жетекчилери да ушул талапты аткарышы керек.

Өлкөдө коронавирустан 24 миң 90 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 208 бейтап каза болду. 7 миң 917 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 308 адамдын абалы оор болсо, 428инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий