• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 2,6 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 2 миң 607ге жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Ташкенттеги Вирусология илимий-изилдөө институтунун клиникасында 8 киши, Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар илимий-изилдөө институтунун клиникасында 11 киши жана 3-шаардык төрөт үйүндө 2 киши, жалпы 21 бейтап коронавирустан айыгып, реабилитацияга жөнөтүлгөн.

Бүгүнкү күнү Өзбекстанда жалпы 3 миң 189 адам коронавируска чалдыккан. Анын ичинен 2 миң 607 киши оорудан айыккан, 13 адам каза болгон. Учурда 569 киши ооруканаларда дарыланып жатат. Алардын үчөөнүн абалы оор болууда.

Пикир

Оставить комментарий