• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 284 учур катталды. Жалпы 39 миң 790

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 39 миң 790 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 284 жаңы учур катталды. Ал эми 432 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 7 бейтап каза болду.

Өлкөдө 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштады. Ташкентте коомдук транспорт, анын ичинде метро, ошондой эле региондордун ортосундагы аба, авто жана темир жол байланыштары өз ишин жандантты. Кайрадан "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр киргизилди.

Өзбекстанда коронавирустан 35 миң 551 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 289 бейтап каза болду. 3 миң 518 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 294 адамдын абалы оор болсо, 110унун абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий