• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 616 учур катталды. Жалпы 53 миң 667

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 53 миң 667 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 616 жаңы учур катталды. Ал эми 608 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 2 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 49 миң 832 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 444 бейтап каза болду. 3 миң 390 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий