• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өзгөн районунда жол кырсыгы катталып, 8 адам жабыркады. Арасында балдар бар

Кырсык 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда жол кырсыгы катталып, 8 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11-март күнү саат 19:48 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 605-чакырымында (Шоро-Башат айылы) “Дэу-Тико” жана “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 8 адам (4 эркек - 1992-жылы туулган, 1992-жылы туулган, 1984-жылы туулган, 1975-жылы туулган, 2 аял - 1961-жылы туулган, 2004-жылы туулган, 2 жаш бала - 2013-жылы туулган, 2018-жылы туулган) ар кандай жаракаттарды алып, Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган.

ӨКМдин куткаруучулары кыпчылып калган жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий