• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жаӊы депутат Айнура Аскарова парламентте ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Айнура Аскарова ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында Улуттук Энергохолдинг компаниянын башчылыгына дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Айтмамат Назаровдун ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Айнура Аскарованы депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Айнура Аскарова буга чейин «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын катчылыгын жетектеп келген. Жогорку билимдүү, 1998-жылы Улуттук университетинен «журналист» адистиги боюнча билим алган. 2008-жылы Башкаруу академиясынын магистратурасын аяктаган. Ал эми 2015-жылы Арабаев атындагы университеттин «саясат таануу» адистиги боюнча аспирантурасын бүтүргөн.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий