• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жакында билим берүү жана медицина тармагында МЖӨ негизинде эки ири долбоорду ишке ашыруу башталат

Өкмөт 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Өкмөт мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде долбоорлордун үстүндө иштөөнү улантат.

Азыркы учурда эки долбоорду ишке ашыруу активдүү жүрүп жатат: Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 20 мектептин курулушун каржылоо жана камсыздоо, ошондой эле Чүй облусунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу курортология жана калыбына келтирип дарылоо Илимий-изилдөө институтунун жана «Ден-Соолук» (мурдагы «Алтын балалык») Балдардын калыбына келтирүү борборунун базасын каржылоо, реконструкциялоо, жабдуу, тейлөө, пайдаланууга берүү жана медициналык калыбына келтирүү кызматтарын көрсөтүү боюнча долбоорлор.

Белгилей кетсек, бул иш Эл аралык финансылык корпорациянын колдоосунда жүргүзүлүп жатат.

«20 мектептин курулушу жана эксплуатацияга берүү» МЖӨ долбоорунун структурасында сунушталган техникалык талаптарга ылайык белгиленген мөөнөттөрдө мектептерди каржылоо жана куруу, имараттарды камсыз кылуу, коммуналдык кызматтарды төлөө жана долбоордун жалпы аралыгында коопсуздукту камсыздоо каралган. Күтүлүп жаткандай, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү кызматтарын көрсөтөт. Учурда техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) даярдоо үчүн участоктордун тизмеси даярдалып жатат.

Медициналык калыбына келтирүү кызматтарын көрсөтүү боюнча долбоордун алкагында күтүлгөндөй, МЖӨ механизмдерин колдонуу жеке сектордун тажрыйбасын жана каржылык артыкчылыктарын, ошондой эле тийиштүү сапаттагы билим берүү медициналык калыбына келтирүү кызматтарын көрсөтүү үчүн жеке компаниялардын билимин жана операциялык натыйжалуулугун алууну шарттайт. Мындан тышкары жеке чөйрөдөн МЖӨ тууралуу узак мөөнөттүү келишимдин алкагында тендер аркылуу бир же андан ашык таанылган жана квалификациялуу инвестор тартылат. Учурда долбоорду талдоо жана диагностика аяктаган. 2019-жылдын 3-кварталында ТЭН даярдоону аяктоо пландалууда, андан соң тендердик процедуралар башталат.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын февралында Борбор Азиядагы алгачкы МЖӨ долбоору «Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын уюштуруу» ишке киргизилген, ал Fresenius Medical Care немис компаниясы тарабынан ишке ашырылган. 2019-жылдын майында экинчи клиника жана Ош шаарында диализ борбору ачылат.

Баса белгилей кетсек, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өлкөдө жеке чөйрөнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик стратегиясынын маанилүү багыты болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий