• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жакынкы келечекте Кыргызстанда Араб координациялык тобунун кезектеги жыйыны өтөт

Коом 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Ислам өнүктүрүү банкынын Алматы шаарындагы аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Ибрахим Шукрини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Артыкбаев эки тараптын күн тартибинде турган актуалдуу маселелерди белгилеп, жакынкы келечекте Кыргызстанда Араб координациялык тобунун кезектеги жыйынын өткөрүүгө жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымдады.

Мындан тышкары, тараптар ушул жылдын июнь айына пландалып жаткан Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруучулар Кеңешинин 47-сессиясына кыргыз делегациясынын катышуусуна байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган кадамдарды жана аракеттерди биргеликте ишке ашырууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий