• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад-Казарман унаа жолу убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 04.10.17. /Кабар/. Тогуз-Торо районунда кар көп жаап унаалар үчүн коопту абал жаралган. Ага байланыштуу 3-октябрда Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин №166-Б буйругунун негизинде Жалал-Абад-Казарман унаа жолу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

“Жыл сайын күз айларында Сары-Кыр ашуусуна кар жаап, унаалардын жүрүүсүнө кооптуу абал түзүлгөндө Жалал-Абад-Казарман унаа жолу жай айларына чейин адамдардын өлөмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында убактылуу жабылат”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий