• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусу менен Казакстандын Атырау облусу кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында бүгүн, 26-майда кыргыз-казак биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгунүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын алкагында Кыргызстандын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Атырау облусунун акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Тараптардын кол коюу процесси аралыктагы тартипте өттү.

Пикир

Оставить комментарий