• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда калк арасында эмдөө алуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Өлкөдө коронавирустун "омикрон" штаммы катталып, COVID-19 илдетине кабылгандардын саны өсүүдө. Буга байланыштуу Жалал-Абад облусунун аймагында калк карасында эмдөөнүн 3-дозасын алуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүшүү боюнча ыкчам штабдын отурумунда айтылды.

Жыйынды президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков жетектеп, тийиштүү кызматтардын жетекчилерине кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ага ылайык, ооруга кабылгандар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, бейтаптарды кабыл алуу үчүн Сузак, Ноокен, Аксы райондорундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун жугуштуу оорулар бөлүмү ачылып, Жалал-Абад шаарындагы Бакыт реаблитациялык борборунун имаратын кырдаалга ылайык даярдоо иштери жүргүзүлөт.

Буга чейин капиталдык ремонт жүргүзүлүп жаткан облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү ушул жылдын 17-январга карата толук аякталып, бейтаптарды кабыл ала баштайт. Жыйында ооруканаларда кычкылтек толтурулган баллондорду суюк кычкылтек менен үзгүлтүксүз камсыздоо керектиги эскертилди.

Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабековдун айтымында, аймактарда менчигинин түрүнө карабай мекеме-ишканаларда санитардык талаптардын сакталашына рейддер уюштурулат. Облустагы бардык калкты тейлөө, социалдык объектилер жана коомдук жайларда жарандарга эмдөө алуунун пайдасы тууралуу түшүндүрүү иштери колго алынмакчы.

Мындан сырткары, район, шаарлар аралык жана Ош облусуна, Бишкек шаарына каттаган маршруттук жана такси каттамдарына да көзөмөл күчөтүлөт.

Учурда Жалал-Абад облусунда калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө 61 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий