• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусу текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусу текшерилди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан “Өспүрүм-эмгек” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Анын алкагында соода борборлору, базарлар, унаа жуучу жайлар, курулуп жаткан курулуштар текшерүүгө алынды. Текшерүүнүн жыйынтыгында 18 жаш өспүрүм жумушка тартылганы аныкталып, 4 ата-энеге айып пулдар салынган. 8 бала боюнча материалдар топтолуп, тиешелүү чараларды көрүү сунушу менен комиссияга өткөрүлүп берилсе, 6 баланын ата-энесине эскертүүлөр берилген.

“Өспүрүм-эмгек” рейди Ала-Бука РИИБи тарабынан да өткөрүлүп, район аймагы текшерүүгө алынган. Алдын алуу иш-чарасынын алкагында жумушка тартылган 4 өспүрүм аныкталып, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдү эмгектин оор түрлөрүнө иштетпөө керектиги эскертилген.

Ал эми Чаткал РИИБи тарабынан жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка жана ар түрдүү кырсыктарга бөгөт коюу иштери жүргүзүлдү. Милиция кызматкерлери жаш балдарга велосипед менен унаа жолдоруна чыкпоо керектигин эскертишип, кылмыш жана кырсыктардан алыс болууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий