• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусундагы айрым маданий мекемелерде оңдоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы айрым маданий мекемелерде ремонт иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон райондук М.Бердибеков атындагы маданият үйүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн 200 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул каражатка маданият үйүнүн иш бөлмөлөрү, чатыры жана электр линиялары жаңыланып, концерттик зал оңдоп-түзөөдөн өттү.

Ал эми Аксы райондук А.Алымов атындагы маданият үйүнө 300 миң сом каражат бөлүнгөн. Бул каражатка терезе, чатырлары алмашылып, концерттик зал ондоп-түзүүдөн өттү. Ошондой эле маданият үйүндө жайгашкан спорт зал да ремонттон өттү.

Пикир

Оставить комментарий