• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун куткаруучулары тарабынан сууга түшүүдөгү негизги эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук жана шаардык өзгөчө кырдаал бөлүмдөрү тарабынан көлмөлөргө жана дарыяларга сууга түшпөө тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Маалыматка ылайык, райондук мамлекеттик администрациялар жана шаар мэриялары тарабынан атайын буйруктар, иш-пландар иштелип чыгып, сууга түшүү объектилеринин ээлерине жана жергиликтүү тургундарга эскертүү иштери болуп өттү.

Мындан сырткары сууга түшүүчү объектилердин ээлерине жана эс алуучу жайларын иштеткен ишкерлерге эскертилип, эң кооптуу участкаларга “Сууга түшүүгө мүмкүн эмес!” деген эскертүү тактайчалары орнотулган.

Учурда бул иш-чара өлкөнүн бардык аймагында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий