• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында айрым көчөлөр жабык. Себеби

Аймак 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн бир бөлүгү бүгүн саат эртең мененки 07:00дөн кечки 18:00гө чейин толугу менен тосулуп турат. Буга тиешелүү жол чийиндерин чийүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы себеп экендигин ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти.

Тосулуучу жерлер Ленин көчөсүнүн Баел базарынын алдынан тартып, Ленин жана Курманбек көчөлөрүнүн кесилишине чейинки аралык (Сузак Жалал-Абад унаа жолунун 1-чакырымынан тартып, Ленин-Сатыбалдыева, Ленин-Ивасишина, Ленин-Абдырахманова, автовокзал аймагы толугу менен) тосулуп турат.

ЖКККББ жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алып, маршруттук каттамды алдын ала пландоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий