• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында Энелер күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-майда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев, ардагерлер кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, баатыр энелер, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан айымдар катышты.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков Энелер - жашоонун башаты, үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен коломтонун ээси, коомдун уюткусу жана үйдүн куту экенин белгилеп, бир катар энелерге сыйлыктарды тапшырды.

Жалал-Абад шаарында жыл сайын 150 энеге майрамга карата жергиликтүү бюджеттен 500сомдон акча каражаты бөлүнөт.

Белгилей кетсек, учурда Жалал-Абад шаарында 239 “Баатыр эне”, 46 “Эне даңкы” медалынын ээси бар.

Пикир

Оставить комментарий