• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында муктаж болгон үй-бүлөлөргө 824 миң сомдук азык-түлүк жардамы берилет

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында муктаж болгон үй-бүлөлөргө 824 миң сомдук азык-түлүк жардамы берилет. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда КР Мамлекеттик бюджеттик резервинен турмуштук оор кырдаалда турган 1 миң 30 үй-бүлөгө көмөк көрсөтүлөт. Бүгүн бул багытта жергиликтүү кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулуп, бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдалануусу талкуу жүргүзүп, бир добуштан колдоп беришти.

Аны менен бирге калаа бюджетинин эсебинен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, тазалык жана жашылдандыруу мекемесинин кызматкерлерине 100 мүшөк ун бөлүп берүү боюнча көтөрүлгөн сунуш колдоо тапты.

Өткөрүлгөн сессияда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жергиликтүү эл өкүлдөрүнө, түзүлгөн өзгөчө абалда калкка азык-түлүк жардамдарын көрсөтүү боюнча аткарылган иш-аракеттер боюнча маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий