• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында “Максатташ жаштардын жолугушуусу” аттуу иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 10-ноябрь - Эл аралык жаштар жана 17-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата “Максатташ жаштардын жолугушуусу” аттуу иш чара өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-ноябрда “Барпы” театрында “Максатташ жаштардын жолугушуусу “ өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад облустук жаштар иштери жана дене тарбия спорт боюнча башкармалыгынын башкы адиси Нурсултан Рустамов, спортчулар, студенттер катышты.

Иш-чарада, шаарыбыздагы окуу жайлардын алдыңкы студенттерине сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле, шаардагы окуу жайлардын студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий