• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын айрым райондорунда 2 күн газ болбойт

Аймак 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрдан 23-сентябрга чейин Жалал-Абад шаарындагы газ өткөргүчтөрдүн айрым аймактарында келе жаткан күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдануу максатында пландалган оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу Жалал-Абад шаарынын Некрасов, Горький, С.Акбаров, Эркиндик, Калинин, Б.Сейил, Алыкулов төмөнкү көчөлөрүндө газ өчүрүлөт.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий