• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда бүтүрүү кечелерине байланыштуу эс алуу уюштурууга тыюу салынат

Коом 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында бүтүрүү кечелерине байланыштуу милиция тарабынан алдын алуу иштери жүрүүдө.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад шаарынын жана Тогуз-Торо районунун милиция кызматкерлери ата-энелер жана бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен жолугушту.

Анда кырсыктардын алдын алуу максатында жаратылыш койнунда эс алууга, көлмөлөргө барууга, унаалардын коштоосунда шаар кыдырууга тыюу салынгандыгы эскертилди. Билим берүү мекемелериндеги иш-чаралар аяктаган соң, ата-энелер өз балдарын тыкыр көзөмөлгө алуу керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий