• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда Азия чемпионатынын коло байгесинин ээсин тосуп алышты

Аймак 0

Бишкек, 22.11.22./Кабар/. Бүгүн, 22-ноябрда Жалал-Абадда кол урушу боюнча Азия чемпионатында 3-орунду ээлеген ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери Бектур Идирисовду тосуп алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Сатаров, Жалал-Абад ОИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Алмазбек Жусупов, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшанбек Кожобеков жана өздүк курамы катышты.

Анда спортчунун ийгилиги облустун сыймыгы экендиги белгиленип, мындан ары да көптөгөн байгелерди алып келүү тилектери айтылды.

Кол урушу (рукопашный бой) боюнча Азия чемпионаты 9-13-ноябрь күндөрү Россиянын Казань шаарында болуп өткөн. Ага 10дон ашуун өлкөнүн спортчулары катышкан.

Белгилей кетсек, Бектур Идирисов буга чейин 2019-жылы күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпиону болгон. Ошондой эле күжүрмөн самбо боюнча дүйнө биринчилигинин күмүш жана коло, Азия биринчилигинин коло байгесинини ээси.

Пикир

Оставить комментарий